Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэрин кызмат ордуна алып келүү үчүн 20 миң доллар пара талап кылгандар кармалды

15.01.2023 08:27
443
Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэрин кызмат ордуна алып келүү үчүн 20 миң доллар пара талап кылгандар кармалды

 “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору – Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


   2023-жылдын 13-январында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кармалды.


   Э.Б.А. жана С.Дж.М. Кыргыз Республикасынын Т.И.А. аттуу жаранына Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жана анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары КР Президенти С.Н.Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Ошол эле учурда Э.Б.А. жана С.Дж.М. мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, Т.И.А. коркута башташкан.


  Учурда кармалгандар КР УКМК тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

  КР УКМК жарандарды алдамчылык жана башка мыйзам бузуулар боюнча маалыматы болсо 0312660475; 0312626504 телефону аркылуу нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн