Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Базар-Коргондо кудуктан табылган эки жаран суу чыгарган ишканада иштешкен

16.07.2021 13:45
3783
Базар-Коргондо кудуктан табылган эки жаран суу чыгарган ишканада иштешкен


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө кудукта каза болгон жарандар таза суу боюнча иш алып барган ишкананын жумушчулары экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Учурда алардын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.


Маалым болгондой, 15-июлда райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Моголдун Чарбак айылында суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан эки кызматкердин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.


Базар-Коргон РИИБинин ыкчам-тергөө тобу жерине барып, сөөктөргө сырттан кароо жүргүзгөн учурда алардан эч кандай жараат байкалган эмес. 2,5 метр тереңдиктеги кудуктун ичинде суу жок болгон.


Бул окуя райондук милиция тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине табылган өлүк болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Каза болгон жарандар Базар-Коргон районунун 45 жаштагы тургуну К.Т. жана Чүй облусунун Сокулук районунун 18 жаштагы жашоочусу А.К. экендиги такталды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн