Акыркы кезде күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп, асман чапчый баштады.
Коронавирус пандемиясынын запкысын катуу көрүп, жумушсуз отурган карапайым калкты бул көрүнүш ого бетер кыйнады.
Айрым азык-түлүктүн бааларын 2020-жылдын ушул убагы менен салышытырып көрөлү.
Былтыр ушул кезде 1000 сомго 3 кг эт алсак, быйыл 2 кгдан ашып-ашпаган этти колуңузга карматат.
Азык-түлүк гана эмес, жазгы талаа иштери башталган кезде күйүүчү майдын дефицити айрым аймактарда байкалып, 1 литр АИ-92 үлгүсүндөгү бензин дээрлик 50 сомго чыкканда жаныңды кейитпей койбойт экен.
Пикирлер (2)