Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Базарларга дене табын текшерүүчү тепловизорлорду орнотуу сунушталды

15.06.2020 09:11
1295
Базарларга дене табын текшерүүчү тепловизорлорду орнотуу сунушталды


Бишкек шаарындагы ири соода базарларынын кире беришинде базар кызматкерлеринин дене табын текшерүү үчүн стационардык тепловизорлорду орнотуу зарыл. Мындай сунушту президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – республикалык ыкчам штаб жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев Ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дене табы жогору экендиги аныкталган кызматкерлер ишке кое берилбеши керек. Ден соолугу кооп туудурган пенсия курагындагы адамдар коомдук жайларга баруудан кармануулары сунушталат.

Өлкөнүн ар бир жараны тийиштүү санитардык талаптарды аткаруусу абзел. Жалпыбыздын коронавирус илдетине каршы күч-аракетибиз координацияланып, ырааттуу болушу абзел. Биздин негизги милдетибиз COVID-19 пандемиясы шартында мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», - деди Алмаз Кененбаев.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкө боюнча «118» колл-борборунун маалыматтык-агартуу ишин жана мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн