Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бажы кызматы баасы 1млн 800 миң сомдук аткезчилик товарды аныктады

13.10.2021 08:33
1115
Бажы кызматы баасы 1млн 800 миң сомдук аткезчилик товарды аныктады

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчиликке бөгөт койду.


Ведомствонун маалыматына ылайык, Ош облусундагы оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан С.Б.Ж. аттуу КР жаранынын башкаруусунда Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган.


Унааны текшерүүдө жалпы салмагы 12 242 кг түзгөн товар – куруу шаймандары табылды. Жалпы наркы 1,8 миллион сомду түзгөн товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташып киргизилген.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн