Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бекболот Талгарбеков: “Кыргыз интеллигенциясы – айыл элинин башкы душманы”

07.09.2023 14:55
359
Бекболот Талгарбеков: “Кыргыз интеллигенциясы – айыл элинин башкы душманы”


- Бекболот байке, сизди жай айлары жолуктура албадык. Кайда жүрдүңүз?


- Айылда, жайлоодо болдум. Туулуп-өскөн жерим Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылы. Мурда туугандар менен жолугуп эле кайтчу элем, бул жолу айылдаштар менен баарлашып, элет турмушу менен ичинен тааныштым.

Биздин айылдын тагдыры СССР мамлекети урагандан берки көптөгөн кыргыз кыштактары баштарынан өткөргөн тагдырга окшош. Союз маалында биздин айыл “Комсомол” деген совхоздун борбору болгон. Совхоз райондогу күчтүү катары эсептелген чарба эле. Карамагында 42 миң кой, 900 жылкы, 1500 уй бар болчу. Анан 1990-жылдан тарта союздун дотациясы соолуду. Акча, үрөн, ГСМ, жер семирткич, техника келбей калды. Бүгүн эч ким ишенбесе керек, ал абалда облус башчысы колхоз-совхоз жетекчилерине “ит багуу фермаларын уюштургула, терисин Кытайга сатып киреше табабыз” деп буйрук берген. Жетекчилер ал буйрукту аткаруудан баш тартышкан. Чарбалар агезде башкы ролду ойногон “бартер” ыкмасына өтүшкөн. Эске салсам, мен 1991-жылы айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгам. Бир күнү жумушка келсем, имаратта толтура айылдаштарым жүрүшөт. Эки автобус жалдап келишиптир. Кабыл алдым. Алар “биз айыл реформасын колдобойбуз, “Илбирс” акционердик коому менен тыгыз иштейбиз, совхоз менчикке таркатылбасын! “деген талап коюшту. Мен аларга айыл реформасы күч менен жүргүзүлбөй турганын, негизги чечимди айыл эли өздөрү кабыл алышарын түшүндүрүп бердим. Алар кубанган бойдон кетишти. Сураштырсам, аларды ошо кездеги совхоздун директору, Турдакун Усубалиевдин жээни Кубан Осмоналиев жөнөтүптүр. Бул таңгалычтуу көрүнүш эмес эле. Анткени ал убакта колхоз-совхоз жетекчилери айыл реформасына каршы турушкан.


- Анан эмне болду?


- Айылдаштарым 1995-жылы чакыртышты. Мен биздин совхоздо 1970-жылдары директор болуп иштеген, кийин айыл реформатору Эсенгул Алиев менен бардым. Совхоз өткөн беш жыл аралыгында бардык малын “Илбирс” акционердик коомуна өткөрүп бериптир. Чарбада болгону алты миң кой калыптыр. Айылдаштар баштарын жерге салышып, “эми эмне кылабыз?” деп отурушту. Биз “жерди, сарайларды менчиктештирип, жеке дыйкан чарбаларын уюштургула” деп кеңеш бердик. Алар макул болушуп, дароо реформага киришти.


- Анын жыйынтыгы мөмө бердиби?


- Mына чейрек кылым айылдаштарым жерди, техника, сарайларды жеке менчикке алышып, эркин чарбачылык жүргүзүп келатышат. Бул аралыкта мамлекеттен бир сом дотация алышпады. Оор турмушту баштарынан өткөрүшүп, өздөрүн өздөрү багышып, аны менен бирге эгемен мамлекетибиздин жыртык-тешигин бүтөп келатышат. Совхоз учуруна салыштырганда малдын башы эки эсеге көбөйдү. Айтмакчы, Кубан Осмоналиев менен 2015-жылы Турдакун Усубалиев атабыз каза болгондо жолугуп калдым. Ал жердештердин көзүнчө: “Учурунда түшүнбөптүрбүз. Айыл реформасы абдан зарыл болгон экен. Мен Бекболот инимден кечирим сурайм” деди. Өз катасын кеч болсо да түшүнгөн адам, демек, күчтүү инсан да.


- Ошондо айылдыктарга бут тоскондор негизинен чарба жетекчилери болгонбу?


- Жок. Кыргыз айылынын башкы душманы – бул кыргыздын чирик интеллигенциясы. Мына, эгемендикке жеткен убактан бери алардын айыл элине кастыгы токтобой келе жатат. Алгач, 1990-95-жылдары, алар “кыргыз эли жаратылышынан жалкоо, жатып ичер, ошондуктан аларга жер, мал-мүлктү менчикке берүүгө болбойт, аларды колхоз-совхоздордо гана мамлекеттин айдактоосу менен иштетиш керек” деп элеттиктердин башын айлантып, реформага каршы тукуруп турушкан. Анан 1995-2000-жылдары, айыл эли жерге, мал-мүлккө ээ болушканда, “чириктер” жаңы ыр баштап, “кыргыз аракеч, ага мал бербеш керек болчу” деп чаң салып жатышты. Ооба, чарба бөлүнгөндө ар бир айылдагы он-он беш ичкиликке жакындар алган малын аракка айырбаштап жиберишкен. Бирок “силер аракечсиңер” деп аларга үлүш бербей коюш керек беле? Азыр бир коюн үч-төрт бөтөлкө аракка алмаштырган бир келесоону тапса болобу? Айта берсе “чириктердин” бузукулугу миң түркүн. 


- “Элеттиктердин пейили бузулду” деп да жатышат го?


- Ооба, аны да угуп жатабыз. Бирок мен жайлоодо жүрүп айылдаштарымдын пейили бузулуп кеткенин көрө алган жокмун. Алар кыргыз элибиздин улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, адамгерчилик, меймандостук ж.б. жакшы сапаттарын жоготпой, улантып келатышыптыр. Атайын сурадым. Мисалы, жайлоодо жолоочу өтүп баратса малчы чакырып бир чоң кесе кымыз берет экен. Акча албайт. Жолоочу башка сурабайт, анткени баягы бекерчилик заман жок. Малчы кымыз, сары май, курут, малын сатып оокат кылып, балдарын багып, окутуп, үйлөнтүп, жай алып берип жатат. Мамлекеттен эч жардам жок. Ал эми “чириктер” курсагы жарылып кеткиче бекер кымыз ичкилери келип, “элеттиктердин пейили бузулду” деп айгай салышат. 


- Кыргыз интеллигенциясы эмне себептердин улам айыл элине каршы?


- Алгач тарыхка көз жүгүртөлү. Соңку жүз жылда бул катмар үч оор соккуга дуушар болгон. Биринчиси, 1937-38-жылдары саясый репрессияда кыргыздын чыгаан уулдары, “каймактары” атууга кетишкен. Экинчиси, 1941-45-жылдары Ата мекендик согушта да эр жүрөк кыргыздар алдыда жүрүп курман болушкан. Үчүнчүсү, 1960-90-жылдары советтик доордо кыргыз интеллигенциясы бийликке баш көтөрбөгөн, суу жүрөк, кошоматчы, “чирик” катмарга айланган. Эгемендик жылдары “бузукулар” бийликте турган президенттерге жойпуланышып, жагымпоздук кылып келишет. Ал эми президенттер бийликтен кетишкенде “чириктер” баатыр болуп чыга келишип, аларды каралап, мазактап, тапкан курч сөздөрүнө маашырланышып, өзгөчө кумарга батышат. 

Сиздин сурооңузга келели. Коомдук менчик өкүм сүргөн мамлекеттик системада (СССР) интеллигенция “жыргал” жашоого бөлөнгөн. Туруктуу иш, жеткиликтүү айлык акы, жакшы социалдык колдоо ал катмарга майдай жакчу. Алар мамлекет кандай абалда экенин, каражат каяктан келип жатканы менен иштери да, кабары дагы болгон эмес. Мен айрым өкүлдөрүнө суроо берем: “СССР эмне себептен кулап калды?” деп. Алар “АКШ кулатты”, “Горбачев күнөөкөр” ж.б. деп жооп беришет. Аныгында, СССР мамлекети “колхоз-совхоздорду багабыз” деп жатып зор экономикалык кризиске кабылып, жок болгонун түшүнгүлөрү келишпейт. Эки мисал. Советтер союзу айыл чарба тармагы натыйжасыз болгондуктан 1970-80-жылдары АКШдан ири көлөмдө эгин сатып алып турган. Ал он жылдык америкалык фермерлердин “алтын доору!” деген ат менен тарыхта калды. Ал улана бермек, бирок 1980-жылы АКШ президенти Картер Афганистанга кол салганы үчүн СССРге эгин сатууга тыюу салат. Айласы куруган совет жетекчилиги 1982-жылы “Азык-түлүк программасын” кабыл алып, ага ылайык айыл чарба тармагына зор каражат бөлүү каралган. Дал ошол программа СССР мамлекетинин кыйрашынын башаты! Экинчи мисал. Сталин каза болгондо (1953-ж.) CCCРдин резервинде 2600 тонна алтын сакталып турган. Ал эми 1990-жылы ал резерв болгону жүз тоннаны түзгөн. Ал алтын колхоз-совхоздорду дотациялоого гана жумшалып келген. 


СССР кулап, Кыргызстан эгемен болгон жылдары кыргыз интеллигенциясы өз инстинктине ылайык рынок экономикасына караманча каршы болот. Ал экономика “чириктердин” сонун заманына оор сокку урган. Ошондуктан, алар элет элинин алгачкылардан болуп менчиктин, эркиндиктин жолуна түшкөнүнө карата айыгышкан идеологиялык согуш ачып, айыл реформасын каралашып, жаңы кыргыз эркин дыйкандарын мына отуз жылдан бери “ара туулгандар, арам сийдиктер” деп жектеп келатышат. Ал пропагандага сугарылган кыргыз бийликтери да соңку жыйырма жыл ичинде айыл реформасынын экинчи жана үчүнчү этаптарына киришпей, ишке ашырбай келишүүдө. Айыл эли өкмөттөн эбак түңүлүп, жеке чарбачылыкта ысыкка күйүп, суукка тоңуп, өз арабаларын өздөрү сүйрөп келатышат. 


- Айылдаштардын турмушуна кайрылалы. Жаңы эмнелерди көрдүңүз?


- “Элүү жылда эл жаңы” деген накыл сөздү “отуз жылда эл жаңы” деп өзгөртсө болчудай. Айылга барып, алардын жашоо турмушун ичинен көрүп, мен жаңыланган муунду көрдүм. Баары аракет, мээнет үстүндө. Мал баккандары жайлоодо, айылдагылар кыштын камы менен картошка, чөп өстүрүшүп, тиричиликте. Көчө таптап жүргөн бир адамды жолуктурбадым. Мен совхоз учурунда сугатка да катышып калгам. Илең-салаң талааларды сугарчу элек. Азыр андай жок. Сугатка “строгий” кезек. Аны кокус өткөрүп жиберсең, кайра артынан турасың. Айылда малчылыктан кийинки кесип курулушчу экен. Жаштар жай мезгилинде Нарындын башка райондоруна чейин барып иштешерин айтышты. Айылда уурулук деген түп-тамырынан бери жоголуптур. Үйгө кулпу салыштын деле зарылдыгы калбаптыр. Башкалардын менчигин, маңдай тер, мээнетин сыйлоо көөдөнгө сиңиптир. Айылдаштарым вотсап менен тынымсыз байланышып, бири-бирине жардам көрсөтүшүп, айрым иштерди ашар жолу менен чечкенге өтүшкөнү кубандырды.


- Кандай көйгөйлүү маселелери бар экен?


- Эки маселени айтышты. Биринчиси, соңку жылдары бардык жерди кара тумоодой каптаган кымбатчылык. Аттиң, эгерде өлкөбүздүн канын соруп келатышкан коррупционерлер жеп-ичкендеринин бир пайызын эле беришсе, кыргыз айыл элинин жашоо турмушу кыйла оңолуп кетээр эле. Экинчиси, биздин айылдын калкы тээ мурдатан салттуу мусулманчылыкты карманып келишет. Бирок соңку чейрек кылымда радикалдуу ислам өкүлдөрү активдешип, жаштарды, ал гана эмес мектеп окуучуларын “дааватка чыккыла” деп кыйнап, кыргызга жат идеологияны таңуулап келишет экен. “Аларды тизгиндеген жан жок” дешти.


- Бийликтен суранычтары бар бекен?


- Өкмөттөн “светти өчүрбөсөңөр” деген эле жалгыз суранычтары бар экен. Совхоз учурунда “ак жакачан” кырктай адам башкарышып, эсеп-чот кагып контордо отурушчу. Азыр бир эле адам, айыл башчысы эл менен бийликтин ортосундагы “көпүрө”.


- Айылдаштарга каалооңуз…


- “Ааламга жол айылдан башталат” деген элибизде учкул сөз бар эмеспи. Жаңыланган айылды ичинен көрүп-билип абдан кубандым, сыймыктандым. Аман-эсен, дайыма жакшылыктарда болуңуздар, менин намыскөй, кең пейил, мээнеткеч айылдаштарым!


Асланбек Сартбаев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн