- Бекболот агай, сиз Акаев бийлигинде эки жыл айыл чарба министринин милдетин аткаруучу, бир жыл вице-премьер-министр, эки жыл Жалал-Абад облусунун губернатору, үч жыл премьер-министрдин аппарат жетекчиси, жалпы сегиз жыл жогорку кызматтарда иштепсиз. Чечкиндүү реформатор жана таза иштеген жетекчи катары эгемен өлкөнүн тарыхында калдыңыз. Беш жыл мурда Атамбаевдин бийлигине каршы чыгып, он төрт жылга соттолуп, төрт жылын абакта отуруп, эми жакында толук акталдыңыз. Азыр эмне иш менен алексиз?
- Азыр Кыргызстан агрардык партиясынын төрагасы Болоткан Кумаровго жардам берип жүрөм. Жаңы бийликтин тарапташы да, каршылашы да эмесмин.
- Жаңы бийликтин иш-аракетине кандай баа бере аласыз?
- Терең бааны бир жылдын жыйынтыгы менен бергенибиз оң. Ал аралыкта ар кимибиз Садыр Жапаровду колдоп турууга милдеттүүбүз деп эсептейм. Албетте, ийгилик-кемчиликтерин айтып турушубуз керек.
- Анда алгач жакшы иштерине токтолсоңуз?
- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесин чечүүдөгү аракеттерин жалпыбыз колдоп, жардам берүүбүз зарыл. Өзбекстан менен оор, бирок тең салмактуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тажикстан менен чек араларды тактоодо биз тарап бекем позицияда тургандыктан, алар согуш ачып жиберишти. Бирок татыктуу жообун алышты. Кыска согушта бизден үч баатыр жоокер каза болсо, ал эми баскынчылардын жүз беш жоокери жок кылынды. Биздин жетекчилер провокацияга алдырбай, Кыргызстандын кадыр-баркын дүйнө коомчулугунда бийик сактап калышты.
Жаңы бийликтин дагы бир жакшы иши – коррупцияга каршы күрөштүн жогорку деңгээлге көтөрүлгөнү. Болгону алты ай аралыгында коррупционерлердин өлкөнүн казынасына беш миллиард сом төлөп бериши мыкты жыйынтык да.
- Сиз бийликке сын айткандан тартынбаган саясый ишмер экениңиз коомчулукка белгилүү. Азыркы бийлик кандай кемчиликтерди кетирип жатат?
- Өткөн жылы эле жазылып жаткан жаңы Башмыйзамды колдобосумду ачык билдиргем. Албетте, ал Убактылуу өкмөт кабыл алдырган 2010-жылдагы аты «парламенттик», заты «анархиялык» Башмыйзамдан эки эсе жакшы. Бирок Бекбосун Бөрүбашев жазган жаңы Башмыйзам өлкөнү саздан чыгарууга фундамент болуп бере албайт, келечеги жок. Анын «өмүрү» ашып кетсе алты жыл. Кийин кайра башка Башмыйзам кабыл алынат.
Экономика жаатына келсек, отуз жыл аралыгында өлкөдө отуздай өкмөт иш алып барды. Алардын ичинен жемиштүү иштегени Апас Жумагуловдун өкмөтү болгон (1993-98-жылдар). Ал эми учурда Улукбек Марипов жетектеген өкмөт эң чабалы. Программасы жок, эмне иш кылып жатышканын өздөрү деле так билишпейт экен.
- «Инвестиция тартабыз» деп жатышат го?
- Ким билет, күтөлү. Эске салсак, Отунбаева бийликке келгенде ири форум өткөрүп, «бир миллиард доллар инвестиция келмей болду» деп кубанткан. Бир доллар келбеди. Атамбаев «өлкөгө беш миллиард доллар инвестиция алып келмей болдум» деп жарыя кылган. Келген «инвестициясы» Кытайдын кредиттери жана Россиянын гумжардамга берген курал-жарагы экен. Жээнбеков «Кытай, Россия, Франция менен келишим түздүк, жалпы он төрт миллиард доллар инвестиция кирет» деген. Алардан дайын жок. Эми жаңы өкмөт өткөндөн сабак алып, реалдуу инвестиция тарта алабы? Маселе ошондо.
- Президент мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү баштай турганын жарыя кылды. Сизде айыл чарбада менчиктештирүү боюнча тажрыйба бар эмеспи. Ошол себептен сиздин пикирди уксак?
- Кыргызстанда соода, тейлөө кызматы, курулуш тармагы толугу менен жеке менчикте, ал эми айыл чарба тармагы болжолу сексен пайыз жеке менчикте (мамлекеттик илимий, тажрыйба чарба станциялардан тышкары) болушу натыйжалуу. Ал эми стратегиялык объекттер, ишканалар (мисалы, ГЭСтер, аэропорт, автобекет, «Кыргызалтын», «Мегаком» ж.б.) мамлекеттин менчигинде болушу керек. «Мамлекет – начар менеджер» деген пикир таптакыр туура эмес. Мамлекет соодада, тейлөөдө, курулушта, айыл чарба өндүрүшүндө начар менеджер, бирок стратегиялык объект, ишканаларды башкаруу, жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик компаниялар натыйжалуу болорун дүйнөлүк практика көрсөтүп турат. Демек, президенттин менчиктештирүү боюнча сунушун кайсы ишканалар жөнүндө сөз болуп жатканын билгенден кийин гана талкууга алса болот. Азырынча ал сунушту кубаттоо туура эмес. Менимче, президентти бюджеттин тартыштыгы тынчсыздандырып жатса керек. Эгер менин сунушумду укса, анда алгач спирт ичимдиктерин чыгарууну мамлекеттин менчигине кайра алыш керек. Ичимдиктерди өндүрүүгө, дүңүнөн сатууга мамлекеттик монополия киргизип, чекене сатууга гана менчик ээлерине уруксат берилиши абзел. Бирок Садыр Жапаров бул кадамга барса, анда алкомагнаттар, алар каржылап келишкен саясатчылар аны бийликтен шыпырып түшүшү да толук мүмкүн.
- Өткөн 90-жылдардагы айыл реформасына да токтоло кетсеңиз?
- СССР эмне үчүн кулады? Башкы себеби – совет өкмөтү айыл чарбаны ири көлөмдө дотациялай берип, экономикалык оор кризиске кабылганында. Эбегейсиз чыгашалуу колхоз-совхоз системасы эртели-кеч СССРдин түбүнө жетмек. Фактыга өтүп, СССР менен Америка Кошмо Штаттарын салыштыралы. Совет калкы 270 млн. адам, айыл чарбада иштегени 45 млн. Совет өлкөсү айыл чарба продукциясы менен өз калкын эч убакта толук камсыз кыла алган эмес. АКШ калкы 230 млн. адам, фермерлердин саны болгону 3 млн. Алар өлкөнү толук камсыздап, ал эмес ири көлөмдө экспорт кылып турушкан. СССРде колхоз-совхоз системасынын кыйроосу он баллдык жер титирөөнүн кесепетиндей болорун мага 1989-жылы эле Эстониядан академик Бронштейн айтып берди эле. Ошондой болду. Факты келтирели. Коңшу Казакстан соңку отуз жылда айыл чарбасына жүз миллиарддаган дотация берип келүүдө. Ал аралыкта казактардын 300 айылы түп орду менен жок болду. Дагы 1500 айыл жоголуу алдында турат. Эгемен Казакстан эгин өндүрүмдүүлүгү боюнча Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине түштү. Казак айыл калкы кыргыз айыл калкынан эки эсе начар абалда жашап келишет. Тажикстанда 2005-жылы колхоз-совхоздор мамлекетке 500 млн. доллар эсебинде карыз болушкан. Калкы айрым аймактарда ачарчылык чегинде жашашат. Былтыр Орозо жана Курман айт майрамында Дүйшөмбү шаарынын базарларында эт тартыш болуп, ири мушташтар орун алды. Мындай көрүнүш Бишкекте мүмкүн эмес да. Өзбекстанда чала-була айыл реформасы жүргүзүлгөн, фермерлердин катмары пайда болгон. Бирок аларга мамлекет план берет, аткара албагандары соттолушат. Мисалы, 2013-жылы фермер Сафарбай Каримов планды аткара албай, карыз болуп, асынып өлдү. Ал эми өткөн жылы Навои облусунун Хатырчи районунда аким бир фермердин жерин кайра алып койгон экен. Ал фермер да асынып өлдү. Өзбек айыл калкы да кыргыз айыл калкынан үч эсе начар жашап келишет. Газ, нефтиге бай Түркмөнстанда айыл эли ачарчылык чегинде жашашат. Негизги продуктулар карточка менен сатылат. Нанга кезекке турушуп, жаңжалдар орун алып турат. Эгемен Россиянын айыл жеринин кыйроо процесси жүрөк оорутат. Соңку отуз жылдагыдай орус айыл жеринин талкалануусу дүйнө элдеринин бирөөсүнүн да тарыхында болгон эмес. Бул мезгилде орустардын жүз миңдей айыл-кыштактары түп орду менен жоголду. Жаңы Россия соңку чейрек кылымда 256 млн. гектар айыл чарба багытындагы жерден кол жууду. Бул Кыргызстандын жалпы аянтынан он эсеге көп. Ээн калган орус айыл жерлерин «жаңы орустар» сатып алышып, ал жерлерге дворец, особняк, дача, оюн-зоок, соода түйүндөрүн куруп алышты. Учурда Россияда калган 383 млн. гектар айыл чарба багытындагы жердин 44 млн. гектарын куурай, отоо чөп басып жатат (РИА Новости, 07.07.2020-ж.). Орус айыл калкы да кыргыз айыл калкынан төрт эсе начар жашап келишет. Ооба, кыргыз айыл элинен эки эсе жакшы жашап келе жаткан башка айыл эли да бар. Алар беларустар. Бирок Белоруссиянын колхоз-совхоздору СССР учурундагыдай ири дотацияда турат. Өткөн отуз жылда мамлекет айыл чарбасына 60 млрд. доллар дотация берди. Салыштырсак, кыргыз эркин дыйкандары бир сом дотация албайт эмеспи. Айтмакчы, орус-беларусь газ чатагында президент Путин түз эфирде Белоруссиянын бюджетинин киреше бөлүгүнүн үчтөн бири жылыга Россиянын дотациясы менен толтурулуп турарын ачык айткан. Кошумча айтсак, 6 млн. калкы бар Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 млрд доллар, ал эми 9 млн. калкы бар Белоруссиянын тышкы карызы 40 млрд. доллар, биздикинен он эсе көп.
- Кыргыз айыл
реформасын да эске сала кетсеңиз?
-
Постсоветтик айыл чарба кыйроосу алгач бизде да болду. Коммунисттер
башкарып турган бир жылда, 1990-жылы, Кыргыз ССРинде эки миллион кой жок
болгон. Союздун дотациясы соолуп, биздин колхоз-совхоздор үрөн,
күйүүчү-майлоочу май ж.б. сатып алууга, айлык берүүгө койду акча ордуна
колдонушкан. Дүкөндөр аңгырап бош, азык-түлүккө карточка киргизилип, дүйнөдөн
гумжардам сурап калганбыз. Айыл чарба министрлиги акча сурап эле отурчу. Эгемен
Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгү 2,1 млрд. рубль (1992-ж.), ал эми
колхоз-совхоздорду «өлбө-өлбө» акыбалында кармап турууга жылына 16 млрд. рубль
дотация зарыл болгон. Мындай жагдайды карапайым эл эмес,
агездеги депутаттар да түшүнгөн эмес. Президент Аскар Акаев 1993-жылы айыл
чарба министрлигинин жетекчилерин толугу менен кызматтан алып, ал эми кийинки
жылы 22-февралда айыл реформасын жүргүзүү боюнча тарыхый жарлык кабыл алган.
Андай натыйжалуу жарлык дүйнөнүн бир да өлкөсүндө болгон эмес. Кыргызстанда
айыл жеринде эркин чарба жүргүзгөн менчик ээлеринин калың катмары жаралды.
Ошондой эле 1995-жылы айыл чарбасына киргизилген жер салыгы, 1996-жылы
киргизилген айыл чарба каржылоо системасы, 1998-жылы айыл жерине киргизилген
жеке менчик, 2000-жылы киргизилген айыл чарба жер рыногу дүйнөлүк эталон болуп
эсептелинет.
Өкүнүчтүүсү, соңку жыйырма жылда айыл реформасынын экинчи этабы жүргүзүлбөдү. Эркин дыйкандар өздөрү бирде туруп, бирде жыгылып, иш алып барышууда. Албетте, башында айыл реформасынын зарылдыгын, маанисин түшүнбөгөндөр көп болду. Азыр деле «Акаев, Талгарбековдор колхоз-совхоздорду кыйратышкан» деп былжырап жүрүшкөн бирин-серин дөөпөрөстөр бар. Бирок кыргыз айыл элибизге ыракмат. Реформаны колдоп, өздөрүн эле эмес, эгемен өлкөнү багып келишти. Учурда билимдүү, акыл-эстүү адамдар кыргыз айыл реформасын баалап, барктап жатышат. Мисалы, соңку айдагы эле эки адамдын пикирин айта кетейин. Алар – учурунда Акаевдин бийлигине радикал оппозицияда болушкан саясатчылар Исмаил Исаков жана Өмүрбек Текебаев. Алар мага «айыл реформасын өз мезгилинде, абдан туура жүргүзгөнсүңөр, айыл элин гана эмес, мекенди да сактап калдыңар» деген калыс сөзүн айтышты.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн