Бүгүнкү күндө азыркы Министрлер Кабинетинин айыл чарба багытындагы жүргүзүп жаткан иштерине мурдагы болуп болбой калган айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Талгарбеков тарабынан сындар прессага жылт этип чыга калууда. Улгайган адамдар азыркы Президентке же өкмөт башчыга сын айтуунун ордуна “жеткен акылын”, калыс сөзүн айтса, эл түшүнмөк. “Акылбек Жапаров кыргыз айыл реформасына эки жолу сокку урду”, – дейт Бекболот Талгарбеков.
Биринчиси, “дүйнөлүк эталон болгон кыргыз айыл чарба салык системасын Президенттин жарлыгы менен (6-декабрь 2021-ж.) жоюп салып, эми ал айыл өкмөттөрүнө түшчү төлөмдү өлкөнүн бюджетинен жапканы жатат”.
“Экинчи соккусу, Акылбек Жапаров өткөн жылы 17-декабрда өзүнүн 309-токтомуна ылайык, эркин дыйкандар ижарага алып иштетип жүргөн айдоо жерлерди айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алган.” Бул токтом аткарылса эле дыйкандар чогулуп көкүйдү талкалап, өртөп кетиши мүмкүн деген чагымчыл ойду билдирди. 27-октябрь 2022-ж.
Бул, токтом менен жарлык, түшүнгөн кишиге бири-бирине шайкеш келген эң туура чечим. Себеби ижарага ошончо жерди дыйкандар эч качан алган эмес жана алса да иштете алышпайт. Ал жерлерди колунда бар чиновниктер бекер пайдаланып, алган пайдасынан “ит жеминдей” акча төлөп коюшууда. Ошондуктан бул жерлерди айыл чарба министрлиги иштеткени жакшы. Ал эми салыктарды убактылуу жоюу бүткүл элге жакынкы КОВИДден, баалардын көтөрүлүшүнөн, кризистен кутулуунун жолу болду. Экинчиден, Кыргыз өкмөтүнүн тарыхында эч бир Президент, Премьер-Министр Президент Садыр Жапаровдой башында турган Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдой айлык акыны 2,5 эседен айрым бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын 7 эсеге чейин көтөрүп, жылдык бюджетти 426 миллиардга жеткизген эмес. Бул мурдагы Президенттерге караганда Садыр Жапаровдун кадр тандоодогу эң чоң жетишкендиги жана көрөгөчтүгү деп билсек болот. Айыл өкмөттөргө түшүүчү төлөмдөрдү бюджетин эсебинен жабуу боюнча Президентин жарлыгы түшүнгөн кишиге эң туура чечим.
Эми Акаев менен Талгарбековдун “Реформасына” кыскача токтолсок. Булар тарабынан жүргүзүлгөн реформаны мамлекетке чыккынчылык катары бааласа болот. Бир гана Кыргызстан айыл чарбасы, мурдагы ишканалар менен завод, фабрикаларды бирин да калтырбай сатып, талкалап жок кылган өлкө болдук.
Реформалардын кесепети кыргыздарды миграцияга тушуктурду, миңдеген, айылдыктар, үй-бүлөлөр, ички миграцияга кабылып шаарга агылып, жашаар үйлөрү жок болгондуктан, шаардын чекелеринде жерлерди басып алууга аргасыз болушту. Шаардагы өнөр жай ишканалары менчиктештирип кеткендиктен, шаардык жумушчулар үй-бүлөсүн таштап Россияга, Казакстанга чет өлкөлөргө жумуш издөөгө агылышты. Мунун баары реформанын ойлонулбай жасалгандыгынан болду.
Айыл жеринде Талгарбековдун реформасы кандай болгон. Биринчиден, айыл жеринде жашаган элди анализдөө болгон эмес. Жерди, техниканы, малды, короо-сарайды дүңүнөн айылдагылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүп жиберишкен. Муну мектептеги төмөнкү класстын окуучусу да жасамак. Эч техникадан түшүнүгү жок малчы менен мугалимдерге трактор, комбайн тийип, сугатчы менен айылдык интеллигенцияга короо-сарай бөлүнгөн. Натыйжада жерди өздөштүрүүнү билбеген, техниканы оңдоп айдай албаган, мал багуунун ыгын билбеген, тоют камдап эгин айдай албаган карапайым элдин 1990-2000-жылдары тоюту жок болгондуктан малдары өлүп, калганын аргасыз сатууга мажбур болгон. Анын айынан 10 300 000 койдон 2 миллион калган, 1,3 миллион ийри мүйүздүү малдан 350 000 калган. Бир эле чарбада орто эсеп менен; 30 каз таман трактор, 30 дөңгөлөктүү трактор, 30 эгин, чөп чабуучу техника, 40тан ашык ЗИЛ, ГАЗ-53, 3-4төн Водовоз, Бензовоз машиналары аргасыздан сатылып жок болгон. Ушунча мүлкүнөн, малынан айрылган айылдыктар айылда жумуш жоктугунан, шаарга жумуш издеп, базарларда тачка түртүп калышкан. Буга эч бир экономикалык негиздемеси жок жүргүзүлгөн Бекболот Талгарбековдун реформасы себеп болгон. Бул реформа мамлекетти анын айыл чарбасын талкалоо үчүн эл душманынын жасаган иши деп билсек болот. Президент Аскар Акаевдин шаардагы завод-фабрикаларды приватташтыруунун жыргалын ошол кездеги шаардагы чиновниктер көрүп, Советтер Союзундагы жалгыз прессподборщик чыгарган Фрунзе заводун баш кылып, күнүнө миллиондогон мылтыктын огун чыгарган Ленин заводу сыяктуу ондогон заводдорду станоктору менен, кийим, бут кийим тигүүчү ондогон фабрикаларды талкалап сатып жибергенден, шаардагы жумушчулар жакынкы алыскы чет өлкөлөргө миграцияга кетишкен. Бүгүнкү 1,5 миллион мигранттардын сыртта аргасыздан жүрүшүнө Акаев менен Талгарбековдун кошкон салымы чыныгы өз элинин душмандары экендигин айгинелеп турат. Бул Кыргыз тарыхындагы жууса кеткис кара так.
Сардарбеков Сабырбек, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн