Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 00:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бекешев: "Ататүрк" паркындагы көп кабаттуу үйлөрдүн артында депутаттар, министрлер турат

22.02.2023 11:10
355
Бекешев: "Ататүрк" паркындагы көп кабаттуу үйлөрдүн артында депутаттар, министрлер турат

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы "Ататүрк" паркынын аянтын тез арада бекитүүнү сунуштады.


"Бүгүнкү күнгө чейин "Ататүрк" паркынын аянты бекитилген эмес. Мындан улам курулуш компаниялар көп кабаттуу үйлөрдү парктын аймагына куруп жатат.

Ал жерлерде кимдердин кызыкчылыгы бар экени белгилүү. Бир курулуш компаниянын ээси Жогорку Кеңештин депутаты, дагы биринин артында шаардык кеңештин депутаттары же министрлер турат.

Ошентип парктын аянтын бекитмейинче басып ала беришет ",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн