Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 16:57
USD
87.00
87.50
EUR
99.90
100.90
RUB
1.065
1.095

Белгилүү балбан, ЦУМдун директорунун жардамчысы Мурат Рамонов СИЗОдон бошотулду

12.01.2024 14:15
357
Белгилүү балбан, ЦУМдун директорунун жардамчысы Мурат Рамонов СИЗОдон бошотулду


Белгилүү балбан, ЦУМдун директорунун жардамчысы Мурат Рамонов СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык сотунан билдиришти.


Тергөө тобунун жетекчиси, УКМКнын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылган. Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 10-январдагы чечими менен арыз канааттандырылган.


«Мурат Рамоновго карата мурда тандалган баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү көрсөтмөгө өзгөртүлдү», — деп айтылат соттун маалыматында.


УКМКнын маалыматына караганда, Мурат Рамонов мыйзамдуулуктун көрүнүшүн көрсөтүү максатында кримавторитет Камчыбек Асанбектин кылмыштуу жол менен (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалоо, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү) табылган мүлкүн өз атына каттатып, жана кийин аларды айрым саясатчыларга өткөрүп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн