Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:31
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Белгилүү журналист Чынара Асанова дүйнөдөн кайтты

22.03.2021 16:57
531
Белгилүү журналист Чынара Асанова дүйнөдөн кайтты


Кыргыз журналистикасында 20 жылдан ашык эмгек кылган белгилүү журналист Чынара Асанова дүйнө салды. Бул тууралуу социалдык тармактарга жазып чыгышты.


Маалым болгондой, ал бүгүн, 22-мартта Улуттук хирургия борборунда узак убакытка созулган оорудан каза тапкан.


Чынара Асанова МГУну бүтүргөн. Кыргызстандагы ЖМКларда 20 жылдан ашык иштеген. УКМК басма сөз кызматынын жетекчиси болгон жана президенттин аппаратында иштеген.


Маркумду акыркы сапарга узатуу эртең, 23-мартта Бишкектеги Көк-Жар айылында болот.


Өз кезегинде “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн