Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Белгисиз маршрут жана белгилүү жомок

04.11.2021 20:24
2627
Белгисиз маршрут жана белгилүү жомок


Кечээ үйгө эртерээк жетип алайын деп иштен бир аз эрте чыктым. Калыс-Ордо жаңы конушуна барчу 257-микроавтобус дайыма жыкжыйма болгондуктан, 193-микроавтобуска түштүм. Салондогу жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө карабай айдоочу ГОИНден “Дордой” базарына чейин киши салып отурду. Жүргүнчүгө шыкалган микроавтобус шаарды айланып өтүүчү жолдо(объездной) эки-үч километр автотыгын болгондуктан “Дордой” базарын аралап “Келечек” жаңы конушун көздөй бет алды. “Ак Бата”, Ак Жар” жаңы конуштарына барчулар аргасыз “Дордой” жаңы конушунун туш келген жеринен түшүп калып жатышты. “Келечекке” эми чыга берер жерден кулпуланган темир коргонго туш болдук (кудум “Белгисиз маршрут” кинотасмасында автобус аскердик базага кирип кеткендей эле болдук). Салондогу жыкжыйма элди (арасында 2-3-класстын окуучулары, пенсионерлер, кары-картаңдар, студенттер да бар) салган микроавтобус онтоп, кайра артка кайрылып, “Дордойду” аралап отуруп Совет көчөсүнө чыкты. Андан кыска Совет көчөсүнө түшкөн микроавтобус ал жердеги автотыгындан жарым саатта араң суурулуп чыгып Киргизия көчөсүнө келди. Андан бери да улам бир автотыгынга кабылып отуруп биздин “белгисиз маршруткабыз” 19.30да араң Калыс-Ордого келди. Ошондо ГОИНдин жанынан отурган биз жетчү жерибизге 1 саат 40 мүнөттө тикеден тик туруп, тирүүлөй тозок менен араң жеттик(Бул убакытта Кеминден, ал тургай Балыкчыдан чыккан автоунаа Бишкекке жетип келет). Бирок, айдоочу жүргүнчүлөрдөн кабагым-кашым дебей эле 15 сомдон жыйнап алды. Нааразы болгондорго ал микроавтобустар эки эсе азайганын айтып актанып отурду. Ара чолодо ал шаштырган айдоочуларды ашата сөккөнгө да жетишип жатты. Салондо улуу, кичүү, кыз, келин, өспүрүм бара жатканы аны ойлондурган деле жок.



Эми урматтуу “болочок депутаттар”, айрыкча Бишкектеги шайлоо округдарынан, партиялар менен депутаттыкка “адыраңдап аттанып жаткандар”, ушул коомдук транспорт көйгөйүн чече турган, жок дегенде жеңилдете турган программаңар барбы?! Бир да талапкердин “программа сымагынан” ушул боюнча эч нерсе окуй алган жокмун. Анча эле акылыңар көп болсо ушул маселе боюнча программа, долбоор жазып элге жарыялабайсыңарбы. Муну жасасаңар шаардыктар үй-бүлөсү менен силерди ЖКнын бир эмес эки чакырылышына акчасыз эле депутат кылмак. Айдоочулар, жүргүнчүлөр, ал тургай мамлекеттик кызматкерлер дагы анда силерди колдомок. Баса, буга чейин ушул маселени чечүү боюнча кыйраткан мыйзам жаза албаган экс-депутаттар эми бир нерсени кыйратасыңарбы?! Капкаяктагы жомокторду айтып отуруп, добуш ала албай калып анан элге, БШКга, бийликке догурунганыңарды качан токтотосуңар урматтуу “тыңчыкмалар”, “элиталар”?! “Жаман айтпай жакшы жок”,- делет элибизде. Ушуну бир ойлонуп, анан “программаңарды” айткылачы, “депутат болгурлар”!?



Мелис Совет уулу, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн