Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Беткапсыз сүрөткө түшкөн Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөштү

23.06.2020 13:25
1205
Беткапсыз сүрөткө түшкөн Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөштү


Өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын айрым кызматкерлери Кубатбек Бороновго премьер-министр кызматынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү иш-чарасы учурунда санитардык нормалардын сакталбаганы үчүн салынган айып пулду төлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөл борборунан билдиришти. 


Маалыматка караганда, аралыкты сактабай жана беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү жалпы 140 миң сом төлөштү. Бардыгы болуп 28 адамга айып салынды.


Алардын арасында премьер-министр Кубатбек Боронов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, бөлүм башчылар жана башкалар бар.  Алардын ар бири 5 миң сомдон айып төлөштү. 


Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков: "Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат", - деп аларга айып пул салуу керектигин айткан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн