Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бейшеналиев: Коронавирустун жаңы түрү каалабасак да келет

13.01.2021 17:47
663
Бейшеналиев: Коронавирустун жаңы түрү каалабасак да келет

Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет», - дейт Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-январда «Биринчи радионун» эфиринде айтты.


Министрдин айтымында, коронавирустун бул түрү жаштар арасында көп катталып, оор өтөт.


«Азыр коронавирустун жаңы түрү 41 өлкөдө катталды, анын ичинде Орусия да бар. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, вирустун жаӊы түрү бизге да келет.  

Вирустун мурдагы формасы жаштарда жана балдарда жеңил өткөн болсо, жаӊы түрү агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, балдарда жана жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул түрдөн каза болгондордун саны мурдагыга караганда 2,5 эсеге көп болушу мүмүкүн», - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн