Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бейшеналиев: Мигранттардын эсебинен вакцина сатып алабыз

31.03.2021 10:50
827
Бейшеналиев: Мигранттардын эсебинен вакцина сатып алабыз

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мигранттардын эсебинен вакцина алынарын айтты. Бул тууралуу "Биринчи" радиого берген маегинде билдирген.


"Россиянын Саламаттыкты сактоо министри Мурашко менен эки жолу сүйлөштүм. Президенттерибиз да сүйлөшүп Кыргызстанга Россиянын "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын бере турган болгон. Өзүңүздөр билгендей азыр дүйнө мамлекеттери Россиянын вакцинасын сатып алып жатат. Биз да кезекке турдук. Май-апрель айларында 500 миң доза келиши күтүлөт.

Мындан сырткары, Россиядагы мигранттарыбыз, ишкерлерибиз Кыргызстанга жардам кылалы деп жатыптыр. Мен өкмөт башчы менен сүйлөшсөм уруксат берди. Эми алардын эсебинен "Спутник V" вакцинасын сатып алууну көздөп жатабыз",- деди Бейшеналиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Билетти арзандатып койгонсуп еми вакцинаны да мигрант алып береби