Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бейшеналиев Түрк медицинасынын Бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышууда

20.10.2023 16:48
183
Бейшеналиев Түрк медицинасынын Бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышууда


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түрк медицинасынын 9-Бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 20-22-октябрда Стамбул шаарында өтүп, Түркиянын негизделгенинин 100 жылдыгына арналып уюштурулган. Ага 21 өлкөнүн делегаттары катышууда.

Пленардык жыйында сүйлөгөн сөзүндө министр боордош түрк элине ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

"Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташуу терең туугандык тамырларга ээ жана бүгүнкү Конгресс биздин мамилелерибизди андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон жалпы каалообуздун чагылышы болуп саналат. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагында тыгыз кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү экендигин жана көп жылдардан бери актуалдуулугун жоготпой келе жаткандыгын өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун, кызматташтыктын жана колдоонун жаркын үлгүсү болуп саналат”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Конгрессте түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн