Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бейтааныш кызды эл алдында кемсинткен блогер милиция бөлүмүнө жеткирилди

27.03.2024 16:33
125
Бейтааныш кызды эл алдында кемсинткен блогер милиция бөлүмүнө жеткирилди


Бейтааныш кызды эл алдында кемсинткен блогер Бишкектен Ош шаарындагы милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


Белгилей кетсек, буга чейин Саяныч лакап аты менен блогер Нурболот Турганбаев түштүк борбордун көчөсүндө өтүп бара жаткан кызды кемсинткен видеосун жарыялаган.


Милициянын маалыматына караганда, анын үстүнөн 25-мартта эки арыз келип түшкөн. Биринчиси жарандык активист Азамат Ормокеевден, экинчиси жабырлануучу 22 жаштагы Өзгөн районунун тургунунан.


Бүгүн блогерди Ошко алып барышып, профилактикалык сүйлөшүү өткөрүштү. Ал айткан сөздөрү үчүн кечирим сурап, мындай көрүнүш кайталанбасын белгиледи.


Кармалган жарандын аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн