Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Билим берүү министрлиги: "Эгер тапшырма берилсе билим берүү мекемелери карантинге жабылат"

12.03.2020 16:08
1805
Билим берүү министрлиги: "Эгер тапшырма берилсе билим берүү мекемелери карантинге жабылат"


Эгер тийиштүү көрсөтмөлөр берилсе Кыргызстандагы билим берүү мекемелери карантинге жабылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине билдиришти. 


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги өз алдынча мектептерди карантинге жаба албайт. Бирок коронавирус боюнча республикалык штабдан же Саламаттыкты сактоо министрлигинен тийиштүү көрсөтмөлөр келсе билим берүү мекемелери жабылат.  


"Мектептерди карантинге жабуу боюнча маселени биз чечпейт экенбиз. Бул маселе боюнча республикалык штаб бар, ошол штаб керектүү чечимдерди кабыл алат. Эгер Саламаттыкты сактоо министрлигинен тийиштүү көрсөтмөлөр келсе, же уруксат берилсе биз мектептерди карантинге толук жабабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.  


Белгилей кетсек, бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депуттаттар билим берүү мекемелерин коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам жабууну сунушташкан эле.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн