Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Мындай чечим бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн президенттин администрациясынын коллегиясында кабыл алынды.
Расул Абазбек уулу ишти жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн кызматынан четтетилди.
Ошондой эле жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага “эскертүү” берилип, орун басары Лира Самыкбаевага “катуу сөгүш” жарыяланды.
Мындан тышкары, ушул эле министрликтин 3 кызматкерине тартиптик жазаларды колдонуу сунушталып, “катуу сөгүш” берилди.
Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Д.К. Алибаеваны кызмат ордунан бошотуу керектиги белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн