Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

COVID-19: Бир катар райондордо оору жана оор абалдагы жарандар көбөйүүдө, - Боронов

29.09.2020 18:05
1090
COVID-19: Бир катар райондордо оору жана оор абалдагы жарандар көбөйүүдө, - Боронов

Өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди. 


"Оору жана оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар-бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл.


Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш. Мындан тышкары эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек", - деди өкмөт башчы.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн