Бишкектин Свердлов райондук соту активист Бакай Кашкарбаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кашкарбаев Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-пункту (бийлик өкүлүнө коркунуч же зомбулук келтирүү), 344-берененин 1-бөлүмү (кылмыш жасалганы тууралуу жалган билдирүү), Жоруктар кодексиндеги 119-берене (майда бейбашчылык) боюнча шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн