Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бир нече жаракат алган. Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган аскерге операция жасалат

12.04.2022 22:54
1090
Бир нече жаракат алган. Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган аскерге операция жасалат

Бүгүн, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болуп бир кыргыз чек ара кызматкери жаракат алган.  Ал аскерге Лейлек аймактык ооруканасында операция жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.кг агенттигине билдирген.


"Чек ара кызматкери азыр гана Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал бир нече жаракат алган. Ага ошол жерде операция жасалат",- деди министр Бейшеналиев.


Чек ара кызматынын акыркы тараткан маалыматына караганда Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймактарында атышуу күчөп, абал оор бойдон калууда.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Чербек кызы Гулназ
Эгер чек араны чечип бербесе урук аймагыбыз дегиле полный эл уйлорубуз таштап Бишкеке кочуп барабыз.