Бишкек шаарында эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир нече чектөөлөр кирди. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.
Маалыматка ылайык, велосипеддерди ижарага берген жайлар, балдар аянтчалары жана көчөдөгү кызмат көрсөтүүчү жайлар жабылды.
Мындан сырткары, түнкү жана эс алуучу клубдарды убактылуу жабуу чечими чыккан.
“Соңку он күндө Бишкек шаарында коронавирус тездик менен өсүүдө. Мындан улам кафе-ресторандар эрте мененки сегизден кечки сегизге чейин гана иштейт. Соода борборлор менен маркеттер таңкы жетиден, кечи жетиге чейин иштейт. Баардык базарлар таңкы алтыдан, кечки 5ке чейин иштейт”, - деди Суракматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн