Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-октябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 8
- Ош шаарында - 4
- Ош облусунда - 5
- Жалал-Абад облусунда - 2
- Баткен облусунда - 9
Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медициналык кызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3294 учур катталды, алардын ичинен 3029 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн