Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:34
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун иши каралууда (фото)

29.05.2020 16:33
1088
Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун иши каралууда (фото)


Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралууда.


Отурумга Курсан Асанов жана аны менен бирге айыпталып жаткан айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу да келди. Учурда соттук териштирүү уланууда.


Эске салсак, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери  боюнча кылмыш иши козголгон.


Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн