Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Биринчи жолу Бишкек-Тегеран каттамы менен учак келет

03.02.2020 12:10
883
Биринчи жолу Бишкек-Тегеран каттамы менен учак келет


Бүгүн, 3-февралда «Манас» Эл аралык аэропортуна Тегеран-Бишкек-Тегеран аба каттамынын биринчи учагынын келип конору күтүлүүдѳ. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган авиакаттамдар ирандык VareshAirlines авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылууда.

Эске салсак, 1-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кыргызстанга жаӊыдан дайындалган Ирандын элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда Тегеран-Бишкек-Тегеран түз аба каттамынын кайрадан ишке киргизүү макулдашылган.

Тегеран-Бишкек-Тегеран жаңы аба каттамын ачылышын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти уюштурат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн