Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бирөө изделүүдө. Түрк жаранын 200 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

28.08.2023 10:39
321
Бирөө изделүүдө. Түрк жаранын 200 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды


2022-жылдын 22-мартында полицияга түрк жаранынын өкүлү кайрылган. Чет элдик жарандын айтымында, аны ири суммадагы акчага алдап кетишкен. Ал 2019-жылдын 29-сентябрында Ысык-Көлдөн коттедж сатып алуу үчүн 200 миң доллар төлөгөн.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 28-августта билдиргендей, сатуучулар акчаны алып, эч нерсе бербей из жашырып кетишкен.


Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен бирдиктүү реестрге катталган.


Октябрь РИИБнин райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган И.Б. кармалган. Ал 2 айга СИЗО-1ге киргизилген. Мындан тышкары дагы бир шектүүнү издөө иштери уланууда.


Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдын ушул сыяктуу окуяларга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды (0551) 000 065 же 102 телефондоруна билдирүүнү өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн