Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду

09.08.2022 17:55
399
Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду

Республика ичиндеги Бишкек – Балыкчы каттамы убактылуу токтотулду, каттамды жандандыруу боюнча кошумча маалымдалат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу Бишкек-2 – Балыкчы каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.


Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.


“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.


Каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн