Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө толук чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар жаагандыгына байланыштуу “Сосновка”, “Чычкан”, көзөмөл өткөрмө жайынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына толуну менен чектөөлөр киргизилди.
Жол ачылганда кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн