Бишкек — Ош жолунда айдоочусу жок фура ордунан жылып дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу транспорт көпүрөнү сүзүп токтогон.
"Окуя 15-сентябрь күнү болгон. Айдоочу шериги менен Оштон Бишкекке келе жаткан. Төө-Ашуудан түшкөндөн кийин алар тамактануу үчүн токтошкон. Ашканадан чыкканда машинаны ордунан таппай калышкан. Дароо издөө салып, натыйжада фура дарыядагы көпүрөнү сүзүп токтоп калганын көрүшкөн", — деди милиция.
Кийин маалым болгондой, айдоочу жүк ташуучу транспортту кол тормозго койбой кетип калгандыктан транспорт эңкейиштен жылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн