Бүгүн, 19-октябрда Бишкек-Ош жолундагы "Арал" постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө саат 09:00дө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан "Арал" постуна
18-октябрь күнү саат 18:40тан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Бүгүн, 19-октябрда "Арал" постундагы чектөө
саат 09:00дө алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн