Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкек менен Анкаранын кызматташтыгы талкууланды

23.03.2023 10:10
229
Бишкек менен Анкаранын кызматташтыгы талкууланды

 Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында элчи Руслан Казакбаев Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөлөрдүн натыйжасында көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго байланыштуу терең көңүл айтуу менен бардык жапа чеккендерге тезирээк сакайып кетишин каалады.


Тараптар табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн боордош түрк мамлекеттеринин аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.


Ошондой эле Казакбаев 2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасында өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезексиз саммитинде мүчө мамлекеттер табигый кырсыктарда жана өзгөчө кырдаалдарда натыйжалуу жана өз убагында чара көрүү максатында жарандык коргонуунун бирдиктүү механизмин түзүүнү макулдашышканын канааттануу менен белгиледи.


Тараптар боордош шаарлар болгон Бишкек менен Анкаранын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. "Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы муниципалдык башкаруунун ачык системасын киргизүү боюнча мэриянын оң тажрыйбасына өзүнчө көңүл бурду. Бул багытта кыргыз тараптын демилгеси менен тараптар шаарлардын мэрияларынын ортосунда шаарды башкаруу, анын ичинде таштандыларды чыгаруу жана калк үчүн транспорттук тейлөөнү уюштуруу жаатында билим жана тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууну макулдашты", - деп айтылат билдирүүдө.


Жолугушууда ошондой эле 2023-жылы Анкара шаарынын мэриясынын делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу маселелери дагы талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн