Ѳлкѳдѳ февраль айынын ортолорунда Иран кино күндөрү болот. Анда Иран тасмалары акысыз кѳрсѳтүлѳт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Иран тасмалары Бишкекте 11-12-февраль күндөрү ал эми Ош шаарында 14-февралда көргѳзүлѳт.
Бишкекте 11-февралда "Алтын жана бал" (реж. Х.Асадиан, 2011) жана 12-февралда "Жөн эле" (реж. Р.Миркарими, 2008), "Нарцисстер мезгили" (реж. Н. Азербайджани, 2017) тасмалары Алыкул Осмонов атындагы китепканасында элге тартууланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн