Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык корпоратив ордуна ак камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрия башка мекемелерди да алардын катарына кошулууга чакырган.
"Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен шаардык мэрия жаңы жылдык корпоратив өткөрбөйт.
Ага чейин кетүүчү каражат социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө керектүү буюмдар белек кылынат",- деп билдирет мэрия.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн