Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкек мэриясынын эки кызматкеринен коронавирус аныкталды

19.06.2020 17:50
918
Бишкек мэриясынын эки кызматкеринен коронавирус аныкталды


Бишкек шаардык мэриясынан эки адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Мэриянын аппаратында иштеген эки адамдан бул илдет чыкты. Башкы бухгалтерибизден, ал эмгек өргүүдө болчу. Экинчиси — уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, ал учурда үйүндө. Азырынча оору жеңил өтүп атат. Калаа башчыбыз Азиз Суракматов экөөбүздүн анализибиз таза чыкты. Ошого карабай дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп жатабыз”, — деди Түлөбаев.


Ошондой эле, ал тургундарды беткап тагынып жүрүүгө, санитайзер колдонууга, эл көп чогулган жерлерден качууга үндөдү. 


19-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 132 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 2 789 учур болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн