Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жаңы башчысы ишке киришти

13.08.2020 12:10
883
Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жаңы башчысы ишке киришти


Бишкек шаардык мэриясынын эл аралык кызматташуу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Беккул Жекшенкулов ишке киришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын «Жергиликтүү деңгээлде экономикалык-финансылык сиситемаларды калыбына келтирүү жана коронавирус учурунда туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында шаардын туруктуулугу боюнча онлайн-семинарга катышты.


Пандемия кесепеттеринен шаар экономикасын калыбына келтирүү тууралуу Барселона, Харьков, Субанг-Джая, Вена жана башка шаарлардын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү талкуулашты.


Б.Жекшенкулов семинардын катышуучуларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардын экономикасын калыбына келтирүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди.


Долбоорду ишке ашыруу  2020-2021-жылдарга пландалган жана долбоор толугу менен БУУнун өнүктүрүү программасы жана БУУнун башка агенттиктери тарабынан каржыланат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн