Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкек шаардык чарба департаментинин директору кызматынан бошотулду

23.09.2020 13:44
968
Бишкек шаардык чарба департаментинин директору кызматынан бошотулду


Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин директору Нурлан Касымов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.


Ал эми департаменттин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп анын орун басары Максат Шеримбаев  дайындалды. 


Буга чейин шаар башчысы тургундардын шаардык кызматтар менен кызматташуусунда бирдиктүү санарип продукт жок экендигин, муниципалдык кызматтарды пайдалануу татаал экенин белгилеп, шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовго жумуштан кетүүнү сунуштаган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн