Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкек шаардык кеңешине сөзсүз келем, - Анжелика Кайратова

12.04.2021 13:53
1141
Бишкек шаардык кеңешине сөзсүз келем, - Анжелика Кайратова


Ырчы Анжелика Кайратова Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калды деген маалыматка социалдык тармактагы баракчасы аркылуу комментарий берди.


“Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым - элге кандай болсо дагы пайда алып келүү!!! Ден соолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат! Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечекке жол курган жаштардан болобуз!!!
Бул жеңиш бизге оңойго турган жок“,
- дейт ырчы айым.


Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өткөн. Бишкек шаардык кеңеште жалпы 45 мандат бар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн