Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:38
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат берген жаңы тартиптер кандай?

11.05.2020 11:01
1134
Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат берген жаңы тартиптер кандай?

 

Республикалык ыкчам штаб карантин жана өзгөчө кырдаал режими иштеп турган учурда Бишкек шаарына кирүүдө жарандарга зарыл болгон уруксат жана башка документтерге тийиштүү түшүндүрмө берди.

 

Штабдын маалыматы боюнча, учурда экономикалык ишмердүүлүк түрүнө уруксат берилбеген, карантин учурунда негиздүү себеп боюнча шаарда жүрүүгө муктаждыгы бар жарандардын үйдөн чыгуу себеби жана багыты көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болууга тийиш.


Ошондой эле Республикалык штаб шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл чектелээрин жана жарандарда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер жана маршруттук баракча болуусу керектигин эскертти.


Экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактардын тизимине туура келген жарандар уюм катталган орду боюнча Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын, же райондук акимиаттын мөөрү менен тастыкталган, иштеген жеринен маалымдамасы болуусу керек (контактыларды кыскартуу максатында документтер боюнча уюмдардын жетекчилерине, же башкы бухгалтерлерине кайрылуу зарыл).


Ал эми жеке ишкерлердин жанында патенти болуусу керек.


13-майга чейин ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактарга тартылган жактар тийиштүү мөөрү басылган маалымдама алуусу тийиш.


Тема боюнча: Уруксат кагаздар бүгүн 24:00дө жокко чыгат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн