Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Уруксат кагаздар бүгүн 24:00дө жокко чыгат

10.05.2020 18:39
1161
Уруксат кагаздар бүгүн 24:00дө жокко чыгат


Комендатуралар тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздары бүгүн 24:00дө жокко чыгарылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.


Билдирүүгө ылайык, жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат. Жеке автоунаада себепсиз жүрүү сунушталбайт.


Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ишмердүүлүгүнөуруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде кыймылда жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керектигин айтты.


Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.


Белгилесек, аталган аныктамалар Бишкек жана Ош шаарларында ишке тартылып, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге керектелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн