Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:22
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкек шаарынын тургуну “Хизб-ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

01.04.2022 16:59
409
Бишкек шаарынын тургуну “Хизб-ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

“Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) мүчөсү мүчө болуудан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапташтарын баш тарттыруу боюнча иш алып барууда.


Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 2017-жылы “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун мыйзамсыз иштерине катышып, активдүү экстремисттик жашыруун кызматкерлери менен байланышта болгон, 1994-жылы туулган КР жараны, Бишкек шаарынын тургуну Т.у.Б. радикалдык көз караштан баш тартты.


Т.у.Б. жашаган жери боюнча процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун адабияттары табылган.

Т.у.Б. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргыз Республикасынын жарандарын “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.


Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн