Бишкек шаары боюнча 23 миң 177 муктаж үй-бүлөгө 99,65 тонна ун, 31,7 тонна макарон, 26 миң 677 литр өсүмдүк майы, 26,6 тонна күрүч, 22,3 тонна кумшекер, 1 тонна чай, 7,7 төө буурчак, 3,3 тонна гречка, 6,1 тонна китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3418 кг картошка, 372 даана бульон таратылган.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2 млн 812 миң 584 сомду түздү. Мындан тышкары, матрезерв фонду тарабынан 6 миң үй-бүлөгө 300 тонна ун таркатылган.
Чүй облусуна
караган «Ала-Арча»,
«ТЭЦ-2», «Жер Ынтымагы», «Селекционное», «Ак Ордо-2», «Ак Ордо-3», «Ак Жар»,
«Адилет» конуштарына өкмөт тарабынан 70 тонна ун жана 8,4 тонна кумшекер таркатылды.
Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө да көрсөтүлдү. Алар: 60 миң 440 бет кап, 1045 литр антисептик, 50 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдары (көп жолу колдонулуучу), 2 миң 149 даана коргоо костюмдары (бир жолку), 7 миң даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн