Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек–Ош–Бишкек авиакаттамы күнүнө эки жолу ишке ашырылат

10.06.2020 13:30
527
Бишкек–Ош–Бишкек авиакаттамы күнүнө эки жолу ишке ашырылат


«Манас» эл аралык аэропорту 12-июндан баштап Бишкек–Ош–Бишкек маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдарын күнүнө эки жолу аткарат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


Каттамдарды «Тез Жет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат. Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу) Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);  Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар). 


Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек. Бардык жүргүнчүлөр сактык чараларды сактоосу зарыл. 


Эскертебиз, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат, аларда коргоочу беткап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн