Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте 42,3 млн сомго спорт зал куруу үчүн конкурс жарыяланды

29.07.2023 09:11
742
Бишкекте 42,3 млн сомго спорт зал куруу үчүн конкурс жарыяланды


Бишкектеги Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине спорт зал куруу үчүн конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот.


Долбоордун сметалык баасы 42 миллион 311 миң сомду түзөт. Аталган спорт залды курууга кызыкдар тараптар 14-августка чейин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына табыштама жөнөтүшү шарт. Жумушту аткаруу мөөнөтү жазылган эмес, ал келишим боюнча түзүлөрү белгиленген.


Конкурстан уткан компанияга залдын фундаментинен баштап ачкычын тапшырганга чейинки иштердин баарын бүткөрүү талабы коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн