Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекке Оренбургдан 413 жаран алынып келинди

24.05.2020 12:10
1263
Бишкекке Оренбургдан 413 жаран алынып келинди


Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган кыргыз жарандары Бишкек шаарына алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигининен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 413 жаран Өкмөт тарабынан уюштурулган 9 автобус менен Бишкек шаарына келди. Алар саламаттыкты сактоо министрлигинин тест тапшыруу жана карантинге карата коюлган талаптарын аткарышат.


Андан соң 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.


Эске салсак, буга чейин Оренбург облусунун Бузулук районунун кире беришинде топтолгон кыргыз жарандары үчүн автобустар уюштурулуп, Бишкек шаарына жөнөтүлгөнү кабарланган эле. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн