Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарына Иран Ислам Республикасынан 16 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жарандар Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн