Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарына Япония жана Кореядан чартердик каттам менен кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 43 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Аларды борбор калаадагы медициналык мекемелердин бирине обсервацияга жайгаштырылган.
Эске салсак, буга чейин 14-майда Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен 107 кыргыз жараны кайтып келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн