Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекке Новосибирсктен 184 кыргызстандык жаран жана гуманитардык жардам келди

31.07.2020 11:18
930
Бишкекке Новосибирсктен 184 кыргызстандык жаран жана гуманитардык жардам келди


Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарына Россиянын Новосибирск шаарынан Кыргызстандын 184 жараны учуп келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, чартердик каттам менен төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар, ошондой эле Сибирь аймактарындагы окуган ЖОЖдорунда окуган студенттер келишти. 

Бул каттам менен Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Красноярсктан, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарындагы мекендештер кайтып келишти.

Ошондой эле бул рейс менен Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы тарабынан 200 миң рублга барабар дары-дармектер жана эки өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан турган гуманитардык жардам келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн