Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекке Санкт-Петербургдан кезектеги борт учуп келди

02.08.2020 12:44
1177
Бишкекке Санкт-Петербургдан кезектеги борт учуп келди


Кечээ, 1-августта Кыргызстанга «Тез Джет» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург–Бишкек багыты боюнча Россиядан 173 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.


Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар. Мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.


Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда, деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн