Бишкек шаарына 2-сентябрда Түштүк Кореядан 123 кыргызстандык жаран кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Сеул—Бишкек каттамы боюнча «T-way» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен келишти.
"Бул каттам менен ошондой эле Түштүк Кореянын уюмдары тарабынан COVID-19га каршы күрөшүү боюнча жардамдын алкагында, медициналык беткаптардан жана контактсыз термометрлерден турган гуманитардык жүк жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик чет жерде жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн